​Жээнбеков коронавируска каршы күрөшүүгө көмөктөш ыктыярчылар менен жолугушту

Баяндар

Президент Сооронбай Жээнбеков 21-июлда коронавирус инфекциясынын жайылышына каршы күрөшүүгө көмөктөшүп жаткан ыктыярчылар жана жарандык активисттер менен жолугушту.

Бул тууралуу Президенттин басма сөз кызматы мындай маалыматты билдирди:

- Жолугушууга республикалык ыкчам штаб тарабынан ыктыярчылар менен өз ара аракеттешүү жана алардын ишин координациялоо боюнча ишмердик жүргүзгөн вице-премьер-министр Аида Исмаилова жана Президенттин аппарат жетекчисинин биринчи орун басары Алмаз Кененбаев катышты.

Президент Сооронбай Жээнбеков ыктыярчылардын эмгегине ыраазычылык билдирди.

Ыктыярчылар мамлекеттик органдардын ыктыярчылар менен өз ара аракеттешүүсүн координациялоо начар болгонун белгилешти. Ыктыярчылардын макамын мыйзамдык жактан бекитүү сунушу менен чыгышты.

Ыктыярчыларды жеке коргонуу каражаттары менен камсыз кылуу зарылдыгын белгилешти. Пандемия күчөп турган маалда иштеген ыктыярчыларга автоунаа менен бейтаптарды ооруканаларга ташыган жана башка жардам берген жарандарды «Коопсуз шаар» алкагындагы айып пулдардан бошотууну сунушташты.

Алар бүгүнкү күнгө чейин илдет жуктуруп алган медиктерге кенемте жана кошумча төлөмдөр бериле электигине көңүл бурушту. Өтө кооптуу участоктордо иштеген медицина кызматкерлерин реабилитациялоо, жаңы ооруканаларды куруу, дарыгерлерге кенемте төлөөнүн так системасын иштеп чыгуу зарылдыгы айтылды.

Жогорку окуу жайларда эпидемиолог, инфекционисттерди даярдоо боюнча факультеттерди көбөйтүүнүн маанисин баса белгилешти.

Аймактарда «тез жардам» автоунаасынын жоктугуна, коронавирус инфекциясына анализ алуу үчүн ПЧР-тесттердин жетишпестигине, медиктердин жетишсиздигине, заманбап медициналык мекемелердин жоктугуна, дарыканалардын жетишсиздигине, аймактардагы медиктердин коронавирусту дарылоо ыкмалары тууралуу маалыматтарынын аздыгына көңүл бурушту.

Жолугушуунун катышуучулары дары-дармектерди жана медициналык аппараттарды бажыдан өткөрүү көйгөйлөрүнө, дары-дармектерге салык салуу маселесине токтолушту.

Мындан сырткары, күн сууктаган маалга жана пандемиянын экинчи толкуну ыктымалына өз маалында даярдык көрүүнүн, анын ичинде күзгү, кышкы мезгилге күндүзгү жана түнкү стационарлар иштебестигинен улам жаңы ооруканаларды куруунун, имараттарды медициналык мекеме катары профилин өзгөртүүнүн зарылдыгын белгилешти.

Тартылган каражаттарды пайдалануу тууралуу толук кандуу маалыматты онлайн-форматта берүү зарылдыгын баса белгилеп, келип жаткан жардамдардын натыйжалуу бөлүштүрүлбөй жатканына көңүл бурушту.

Бул маселени чечүү үчүн санарип карта түзүүнү сунуш кылышты.

Мындан аркы кырдаалды божомолдоону, чет өлкөлөрдөн гранттык каражаттарды тартууну улантуунун маанисин белгилешти.

Ыктыярчылар пневмониядан каза болгондорду жерге берүү боюнча бирдей алгоритм жоктугун айтышты.

Жолугушуунун катышуучулары экономиканы калыбына келтирип, аны өнүктүрүү менен бирге калкка психологиялык колдоо керектигин белгилешти. Көйгөйлөрүн ачык жарыялаган дарыгерлерге, ыктыярчыларга, жарандык активисттерге жана журналисттерге карата жасалган кысымга көңүл бурушту.

Ошондой эле азыр көп жарандар киреше таппай жаткан убакта банктардан алган насыяларды төлөөнү кийинкиге жылдыруу мүмкүнчүлүгүн карап чыгууну сунушташты.

Коронавирус менен катар эле башка ооруларды да, айрыкча онкологиялык оорулар тууралуу унутпоо керектигин айтышты.

Ошондой эле мамлекеттик органдар тарабынан жеке коргонуучу каражаттарды кымбат баада сатып алган учурлар болгонун баса белгилешти.

Президент бул боюнча иш козголгонун жана март айында эле экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматка тиешелүү тапшырма берилгенин эске салды.

Жолугушууда ооруканалардын биринин башкы дарыгери беткап түрүндө келген жардамды кызматкерлерине таратпай койгон фактылар болгону тууралуу айтылды.

Мындан сырткары, үй-бүлөлүк зомбулукка кабылып жаткан аялдардын көйгөйү белгиленди.

Катышуучулар аймактарда иштеп жаткан ыктыярчылар менен онлайн-жолугушуу өткөрүүнү сунушташты.

Президент Сооронбай Жээнбеков көтөрүлгөн маселелер боюнча өзүнүн пикирин айтып, алардын кээ бирлерин чечүү үчүн убакыт талап кылынарын, ал эми көпчүлүгү ишке ашырылып жатканын белгиледи.

Мисалы, ооруканаларды куруу боюнча өкмөт ишти баштаган, ал боюнча инвесторлор тартылат. Бүгүнкү күндөн тарта Республикалык штаб дарыгерлерди реабилитациялоо үчүн Ысык-Көлдүн жээгиндеги пансионаттарга жөнөтө баштайт.

Президент көтөрүлгөн маселелерди мындан да кененирээк талкуулоо үчүн ыктыярдуу кыймылдардын өкүлдөрү менен онлайн форматта кеңири жолугушуу уюштуруларын, анткени ыктыярчылар кыймылы өзгөчө пандемия учурунда өзүн жакшы көрсөтө алган чоң күчкө ээ экендигин белгиледи.

Эпидемиологиялык кырдаал турукташкан соң өлкөнүн бардык булуң-бурчундагы ыктыярчылардын катышуусу менен республикалык форум уюштуруларын кошумчалады.

Мамлекет башчысы менен жолугушууга төмөнкү ыктыярчылар катышты:

— Төлбаев Бабур — меценат, «Мөл Булак Финанс» микрокредиттик компаниясынын жетекчиси;

— Шабданов Элдар -"Бирге« аттуу ыктыярдуу жардам боюнча координациялык борборунун өкүлү;

— Алтымышев Тынчтык — журналист, „Элден элге“, „Элдик медиктер“ ыктыярчы кыймылдарынын координатору;

— Гребнева (Даник) Наталья — „Руки любви“ коомдук бирикмесинин негиздөөчүсү жана төрайымы;

— Жамгырчиева Айзада — журналист, теле алып баруучу;

— Кайратова Анжелика — меценат, коомдук ишмер, ырчы;

— Насыкулов Урмат — „Биз барбыз“ штабынын жетекчиси;

— Рыскулбеков Эркин — „Элим барсыңбы“ ыктыярчылар бирикмесинин өкүлү;

— Усубалиева Бермет — Кызыл Жарым ай улуттук коомунун өкүлү;

— Чолпонбаева Нуриля — „Поколение Best!“ коомдук бирикмесинин төрайымы;

— Муртазалиев Абдурахманхаджи — спортчу, ыктыярчы;

— Алмаз уулу Аскар — жаштардын демилгелүү тобунун өкүлү.