Коронавирус бар жана мен аны жеңдим. Экинчи бөлүк — Назира Мидинова

.

Экинчи бөлүк
«Коронавирус бар жана мен аны жеңдим»
ПолитКлиника медиасынын бул долбоорунун алкагында Covid-19 жуктуруп, ооруп, айыккан жарандардын баяны чагылдырылат.

Назира Мидинова — Нарын облустук бириктирилген ооруканасынын директорунун медайымдык иш боюнча орун басары болуп иштейт. Нарындагы төрөт үйүнөн коронавирус чыкканда аларды башка жакка көчүрүп жатып жуктуруп алдык деп өзүнүн башынан өткөргөн окуясын айтып берди.

«Май айынын бешинен баштап абал оорлой баштады. Негизи медиктер менен милициялар январь айынан тарта эс албай иштеп аттык», — деп баштады сөзүн биздин маектешибиз.

Ошентип жатып милиция кызматкерлери менен медицина кызматкерлеринин арасында дагы Covid-19 жуктургандар катталды. Алардын ичинде ымыркайлардын патологиясы бөлүмүндөгү төрөгөн келиндерден дагы чыккан.

Ошол күнү Назира Мидинованын медициналык тобу вирус жуктурбаган аялдарды башка жакка көчүрүү менен алек болуп, көпкө жүрүп калышканын айтат.

«Ал жерде түшүнбөстүктөр да болду да. Эгерде эл бизди угуп, түшүнүп бергенде убакыт азыраак кетмек. Жаңы төрөгөндөрдүн арасында «Мени балам менен үйгө эле кетирип жибергиле» дегендер, ыйлагандар, баласын көтөрүп алып качам дегендер болду. Биз аларга түшүндүрүү иштерин жасагыча убакыт өтүп кетти», — дейт Назира.

Ал арада медицина кызматкерлери формаларын кийип, чечип жатышканда жуктуруп алган болушу мүмкүн деген версиялар айтыла баштаган.

«Мен форманы кийип чечкен учурда вирусту жуктуруп алдык дегенден алысмын. Себеби, ар бир адам өзүнүн жаны үчүн эрежени сактайт. Чындыгында медайым, врачтар адамдын өмүрүн сакташ керек да. Мисалы, бизге кан кетип, же толгоо менен келген келиндерди «Сен Covid-19 экенсиң, сени текшерели» деп күтүп отурбайбыз да, ошол учурда дагы биринчи жардам көрсөтүүнү ойлонобуз», — дейт Назира Мидинова.

Ошол күндөрдө Назира денеси талыгандай болуп, чыйрыга баштайт. Бирок, дене табы нормалдуу эле болгондуктан, чарчасам керек деп көңүл бурбайт. Ага улай эле кийинки күндөрү баш оору дагы пайда болгон. Рентгенге түшсө өпкөсүндө өзгөрүү пайда болгонун айтышкан. Эртесинде дене табы көтөрүлө баштаган. Тест тапшырса, анын жыйынтыгы Covid-19 бар экенин көрсөткөн.

«Жолдошум көзүнө жаш алып, балам ыйлап ийди», — дейт биринчи оору күндөрдү эстеп.

Бейтапканага жатып, Назиранын оюнан өзүнө жукса дагы үйбүлөсүнө жукпаса экен деген ой кетпей койгон. Ал ооруну аябагандай оор кабыл алат.

«Бир гана кирпигим менен чачым ооруган жок. Баш бөлүк толук ооруйт экен. Кулагым, тишим, жаагым ооруду. Жаман жери калтырак басат экен. Канчалык калтыраган сайын психикам бузулуп ыйлагым келип жаттым. Бирок, кислороддо дем алып аттым. Ошол учурда «кислороддо дем алып калдымбы? Ушул оору мага да жугуп калдыбы» деген стресстик кырдаал болот экен», — дейт Назира.

Тилекке каршы, Назиранын үйбүлө мүчөлөрүнө дагы бул оору жугуп, бирок баары айыгып чыгышкан.

Азыр Назира жумушуна кайра чыгып иштеп жаткан кези. Азыр вирустан толугу менен тазаланган, бирок анын тийгизген кесепеттери азыр дагы алсыратып турат. Ал гана эмес коомчулук тарабынан кодулоого дагы туш болгонун айтат.

«Мен ооруканадан чыгып үйгө келатканда бир, эки кошунам беш метр жерден жукчудай болуп учурашпай кирип кетти. Өзүм медик болгондон кийин бул нерсени туура эле кабыл алдым» , — дейт Назира.

Медиктер өз ден-соолугун тобокелдикке салып, иштеп жатса «Медиктер акча үчүн өзүнө вирус жуктуруп жатыптыр» деген ушактардын чыкканына капа болгонун айтат.

«Медиктер жок ооруну бар деп өзүнө жугузуп алып эмне кылмак эле. Өмүр деген бир эле келет. Бир келген жашоодо эч кимдин оорукчан болуп өткүсү келбейт да. Акча үчүн эч ким ооруган жок. Медиктер акча эмес, ушул оору эртерээк токтосо экен деп тилеп атат», — дейт Назира.

Бул макала жарым-жартылай АКШ өкмөтү каржылаган Бүтүрүүчүлѳрдүн КОВИД-19 Ыкчам Чара чакан гранттар программасынын каражатына даярдалган. Аталган Чакан гранттар программасы Кыргыз Республикасындагы АКШ Элчилиги тарабынан каржыланып, Американын эл аралык билим берүү кеңештери (АКСЕЛС) аркылуу ишке ашырылат. Бул жерде келтирилген сунуштар, корутундулар жана пикирлер авторлордун оюн гана билдирет жана Кыргыз Республикасы АКШ Элчилигинин же Американын эл аралык билим берүү кеңештеринин көз карашына дал келбеши мүмкүн.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты