​“Манас” аэропорту министрликке плазмаферез сатып алууга финансылык жардам көрсөттү

  • 4 года мурун

“Манас” эл аралык аэропорту саламаттык сактоо министрлигине 1 780 000 сом суммасына “Гемос-ПФ” плазмаферезин сатып алууга финансылык жардам көрсөттү.

Бул тууралуу коронавируска каршы күрөшүү республикалык штабы билдирди.

“Гемос-ПФ” плазмаферези бейтаптардын канын экстракорпоралдык тазалоо үчүн колдонулат жана акыркы эл аралык стандарттарга жооп берет.

Ал эми аны Кыргызстандын ооруканаларында пайдалануу кымбат баадагы дары-дармектерди н сарпталышын азайтып, бейтаптардын интенсивдүү терапия бөлүмдөрүндө көпкө чейин калуусун жана жалпы дарылоо мөөнөтүн кыскартып, өлүмдү азайтууга көмөктөшөт.

Бүгүнкү күнгө карата “Гемос” аппараты КМШнын 780ден ашык медициналык уюмунда колдонулат, бул дарылоонун жогорку натыйжалуулугунан кабар берет.

Сүрөт: Интернет булактарынан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты