​COVID-19: Өзбекстанда үйдө дарыланып жаткандарга акысыз дары берилет

  • 4 года мурун

Өзбекстанда үйүндө коронавирустан дарыланып жаткандарга дарыдармек акысыз берилет.

Тиешелүү чечим өлкөнүн өкмөт башчысы Абдулла Ариповдун катышуусу менен өткөн жыйында кабыл алынды.

Коронавируска каршы күрөшүү боюнча атайын комиссия 17-июлдагы жыйында мындан ары коронавирустан үйүндө дарыланып жаткандарга акысыз бериле турган дары-дармектердин тизмесин бекитти.

Алардын ичинде гидроксихлороксин, азитромицин, парацетамол, С витамини жана бир жолу колдонулуучу медициналык беткаптар бар.

Өзбекстанда коронавирус илдетине кабылып, бирок оорусу жеңил өтүп жаткан адамдар дарыгердин сунушу менен үйүндө дарыланат. Азырынча COVID-19 вирусун жуктуруп, бирок үйүндө дарыланып жаткандардын саны тууралуу маалымат бериле элек.

Өлкөдө вирус жуктургандардын жалпы саны 16 607 адам. Илдет жуктурган 85 бейтап көз жумду. 9178 адам оорудан сакайды.

Сүрөт: social. media

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты