Казакстан жана Кыргызстан: коронавирус жумушсуздук көйгөйүн курчутту

Баяндар

Бул макаланын оригиналы CABAR.asia аналитикалык платформанын веб-сайтында жайгаштырылган.

Казакстан: жумушсуздардын жаңы толкунубу?

Улуттук экономика министрлигинин статистикасы боюнча Казакстанда карантиндин биринчи айында эле жумушсуздардын саны 443кө көбөйгөн. Эксперттер жумушсуздардын саны дагы өсөт деп болжолдошууда.

Жанат Бегимбетов мурда Нур-Султан шаарындагы техника саткан дүкөндөрдүн тармагында товар боюнча адис болуп иштөөчү. Бирок, ӨКдан соң ишсиз калды.

«Карантин жарыялаган биринчи күнү эле бизге жумуштан кетүү жөнүндө арыз жаздырышты. Баары жумушчу орундарын расмий түрдө таштап кеткенге аргасыз болушту. Мамлекет 42 500 теңге (104,5 АКШ доллары) көлөмүндөгү социалдык жөлөкпул төлөдү. Бул менин маянамдын үчтөн бир бөлүгү эки ай өткөндөн кийин мен иштеген жеримдеги жетекчиликке кайралдым, алар штаттык кыскартуу болот деп айтышты», – дейт Бегимбетов.

«Биринчи кредиттик бюронун» маалыматы боюнча, ӨКнын жана карантиндин айынан 2,5 миң жеке ишкер төлөө мөөнөтүн жылдырды. Жалпы карыз 147 миллиард теңгеден ашты (361,3 млн АКШ доллары). Ага кошумча болуп, алар өзүлөрүнүн кызматкерлерине иш жүрүшпөй тургандыгы үчүн каражат төлөп бергенге милдеттүү.

Эми, 20-майдагы Эмгек кодексине түзөтүүлөргө ылайык, мамлекет ӨКда төлөгөн 42 500 теңге көлөмүндөгү минималдык эмгек акыны жумуш берүүчү төлөйт. 12-майдан баштап, ишканалар аргасыз өргүүгө кетирген кызматкерлерге жумуш токтогонго байланыштуу каражат төлөп берүүгө милдеттүү. Бул өз учурунда иштен бошотуулардын толкунун алып келиши мүмкүн дейт эксперттер.

Нариман Абильшаиков. Photo: taldyk.info

«Сатуулары жок, айлануу жок, киреше жок эле биздин ишкерлер 12-майдан баштап кызматкерлерге минималдуу эмгек акысын төлөп бергенге милдеттүү. Бул, албетте жумуш берүүчүлөрдүн келишимдерди бузуусуна түрткү кылууда. Регионалдык палата жергиликтүү, республикалык деңгээлде бул маселеге айтууга жана кайра карап чыгууга чакырып жатат», – дейт Алматы шаарынын Ишкерлер палатасынын башчысы Нариман Абильшаиков.

Жакын арада өлкөнүн өкмөтү антикризистик план кабыл алды. Жарандарды жана бизнести колдоого багытталган каражаттын көлөмү бир топ – 6 триллион тенге (14,75 млрд АКШ доллары).

«Эмгек ресурстарын өнүктүрүү борбору» АКнын пресс-кызматы билдиргендей Казакстан Республикасынын Эмгек жана социалдык коргоо министрлиги алдын ала эсептөөлөр боюнча пландын ишке ашырылышында 690 миң казакстандыкты ишке орноштурганга мүмкүнчүлүк түзүлөт, анын ичинде 475 миңи – мамлекеттик жана регионалдык программанын алкагында жана 215 миңи – антикризистик чаралардын алкагында. Ошону менен бирге, ар бир үчүнчү иш орун туруктуу болот.

«План өз алдынча, өнүмсүз жумуш менен алектенген, жумушсуздарды жана убактылуу жумушсуздарды жергиликтүү мамлекеттик жана регионалдык программанын алкагында долбоорлорго тартууну көздөйт», – делет билдирүүдө.

Эксперттер өкмөт үчүн эң негизгиси – жумушсуздун толкунунун айынан социалдык толкундоолордун жана ошондой эле кылмыштуулуктун коркунучун төмөндөтүү болот дешүүдө.

Жарандардын кирешелеринин кыскаруусу менен катар товарларга баанын көтөрүлүүсү биригип калктын кредитке батуусуна, бул өз учурунда адамдарды кылмыштын түрлөрүнө, айтсак уурулук, тоноочулук жана карактоо факторуна түртүшү мүмкүн. Бирок өлкөнүн Ички иштер министрлиги посттордун санынын азайышынан жана карантин чараларынын солгундашынан кийин кылмыштуулукту каттоо толкуну байкалган жок деп ишендирүүдө.

Кыргызстан: өнөкөт проблема

Экономика министрлигинин маалымат боюнча Кыргызстанда коронавирус 700 миңден ашык адамды жумушсуз калтырган. Буга кошулуп, жумушсуздардын санын пандемияга чейин чет өлкөдө иштеген эмгек мигранттары толтурууда. Мигранттык жумушсуздук баарынан дагы Нарын, Жалал-Абад, Ош облустарына оордук алып келди.

Экономика боюнча эксперт Денис Бердаковдун пикиринде Кыргызстанда жумушсуздук кызмат көрсөтүү, республикадагы буюм сатуу жана тигүү өндүрүшүнүн кризисинин эсебинен жогорулайт.

«Тигүү өндүрүшү тез эле бутуна туруп кетмек. Бирок, Кыргызстанда жана биздин тигүүчүлөрдүн негизги поставщиктери иштешкен Россияда суроо-талап кескин түрдө түшүп кетти. аамдар акчаны үнөмдөшүүдө, демек, алар ашыкча кийим же жаңы, кошумча кийим алышпайт. Бул албетте, он миңдеген жумушчу орундуу кийим тигүү тармагына таасирин тийгизет», – деп белиглейт эксперт.

Photo: tazabek.kg

Май айынын башында өткөн брифингде вице-премьер-министр Эркин Асрандиев жумушсуздар үчүн үйрөтүү жана квалификациясын алмаштыруу боюнча курстар ачылат деп билдирген. 22-майдагы, министрлер кабинетинин отурумунда өкмөт башчысы Мухаммедкалый Абылгазиев убактылуу жумушсуз жарандарды коомдук иштерге тартуу боюнча маселени иликтөөнү сунуштады.

Бирок бул да жетишсиз. Бизнести колдоо боюнча өкмөттүк программанын экинчи этабына рекомендацияларда Эл аралык иштиктүү кеңештин (ЭИК) кеңештерди, анын ичинде жумушсуздукка тикелей тийиштүүсү да бар.

Алсак, жумуштуулукка жардам берүү үчүн жумушчу менен жумуш берүүчүнүн байланышын такай камсыздаган, учурдагы шартка адаптацияланган электрондук платформаны иштеп чыгуу, эмгек рыногунун сыйымдуулугун жана керектүү кадрлар барбы аны аныктоо, жумуштун аралыкта аткарылышын эске алуу менен эмгек мыйзамындагы дистанттык эмгек боюнча жалпы жоболорду аныктоо: жөнөкөйлөштүрүлгөн тартипте электрондук документ алмашуу, эмгекти коргоону камсыздоо боюнча аткарыла албоочу милдеттерди алып салуу ж.б., кризистин айынан катуу жабыркаган микро-, макро жана орто бизнестин өкүлдөрүнө алардын бизнесиндеги банкроттукка жол бербөө жана оор абалда калган кызматкерлерине оперативдүү жарам берүү максатында кайтарымсыз жардам берүү мүмкүнчүлүгүн кароо.

Photo: Денис Бердаков. Facebook


Өкмөт тарабынан бул маселени чечүү үчүн кандайдыр бир программа барбы же иштелип жатабы – эч кандай билдирүү боло элек.

Денис Бердаковдун ою боюнча, айыл-чарбаны иштетүү боюнча мамлекеттик буюртманы түзүүсү көйгөйдү бир-аз чечиши мүмкүн. Ошондой эле ишке ашыруу үчүн тышкаркы сатып алуу зарылчылыгы жок инфраструктуралык объекттерди ишке киргизүү да майнап бермек.

«Өкмөттүн күчү жетиштүүбү? Жок, анын күчү 1991-жылдан бери эч качан жетишээрлик болгон эмес. Жумушсуздук – биздин коомдун социалдык-экономикалык, кээде саясий да оорусу», – деп констатациялайт эксперт.