​Экс-премьер-министр Николай Танаев 75 жашында көз жумду

  • 4 года мурун

Узакка созулган оорудан кийин Кыргызстандын мурдагы премьер-министри Николай Танаев 75 жашында 19-июлда Санкт-Петербург шаарында кайтыш болду.

Бул тууралуу анын туугандары ЖМКга билдирди.
Николай Танаев 2001-жылы Кыргызстан өкмөтүнүн биринчи вице-премьер-министр, 2002-2005-жылдары премьер-министр кызматын аркалаган. 2005-жылдын март революциясында отставкага арыз берип, Кыргызстандан чыгып кеткен.

Акыркы жылдары Николай Танаев Санкт-Петербург шаарында жашап, “Газпром” системасында иштеген.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты