​Улуттук кардиология борборунда коронавируска чалдыккандарга орун бөлүнгөн

  • 4 года мурун

Мирсаид Миррахимов атындагы Улуттук кардиология жана терапия борборунда да коронавируска чалдыккандарды дарылай баштады.

Академик Мирсаид Миррахимов атындагы Улуттук кардиология жана терапия борборунун директору Акпай Сарыбаев учурда мында коронавирустук инфекцияга чалдыккан бейтаптар үчүн 90 орун бөлүнгөнүн, анын 12си – реанимациялык койко-орундар экенин вице-премьер Аида Исмаилова менен жолуккан учурда айтып берди.

Кошумча орундарды түзүп чыгуу жана анын жалпы санын – 250гө, ал эми реанимациядагы орундарды 45 дейре жогорулатуу чечими кабыл алынганын билдири.

Медициналык кызматкерлердин саны 480 адамды түзөт. Медициналык кызматкерлер үчүн обсервация катары «Семетей» мейманканасы каралууда.

Сүрөт: gov.kg

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты