Москвадан 153 кыргызстандык, анын ичинде медиктер учуп келди

  • 4 года мурун

Ошко Москвадан Кыргызстандын жарандары учуп келди, алардын ичинде 19 медик бар.

Бул тууралуу тышкы иштер министрлигинин маалымат департаменти билдирди.

«Ош» эл аралык аэропортунда 18-июлда «Авиа траффик компани» авиакомпаниясынын Москва–Ош багыты боюнча чартердик каттамын тосуп алышты.
Кыргызстанга 153 КР жараны кайтып келди, анын ичинде жаш балдар да бар.
Бул рейс чет мамлекеттерден биздин жарандарды кайтаруу боюнча жүргүзүлгөн иштин алкагында уюштурулган.

Сүрөт: ТИМ.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты