​COVID-19: Тажикстан Кыргызстан менен чек арасындагы көзөмөлдү күчөткөнүн билдирди

  • 4 года мурун

Коронавирус пандемиясына байланыштуу Тажикстан менен Кыргызстандын чек арасындагы көзөмөл күчөтүлдү.

Бул тууралуу Тажикстандын Бобожон Гафуров районунун акими Зариф Назири 15-июлда билдирди.

«21-апрелде чек ара жабылгандан кийин транспорт каражаттары өтпөсүн деп 17 көзөмөл-өткөрмө бекеттин тушуна аңгектерди казганбыз. Андан соң жарандар өз алдынча Кыргызстандын аймагына өтүп, андагы май куюу жайларынан бензин сатып албасын деп 250 видеокөзөмөл камераларын орноттук. Азыр чек ара күнү-түнү көзөмөлдө» деди район башчысы.

Жергиликтүү тургундардын айтымында, эки өлкөнүн Хожент-Исфара жолунун ортосунан өткөн чек ара бөлүгүн милиция кызматкерлери көзөмөлдөп турушат. Алар өз аймагында жүргөн коңшу өлкөнүн жарандарын кармап, 14 күндүк карантинге алууда.

Кыргызстандын Лейлек району менен чектешкен Бобожон Гафуров районунда апрелдин аягынан бери 234 тургундан коронавирус табылып, төрт бейтап каза болду.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты