​Адинай Мурзабекова «Эрдик» медалы менен (курман болгондон кийин) сыйланды

  • 4 года мурун

Ахунбаев атындагы Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясынын студенти Адинай Мурзабекова жанын аябай жасаган ыктыярдуу эмгеги жана коронавирустук инфекцияга (COVID-19) каршы күрөшүүгө кошкон салымы үчүн «Эрдик» медалы менен (курман болгондон кийин) сыйланды.

Бул тууралуу жарлыкка Президент Сооронбай Жээнбеков кол койду.

Адинай Мурзабекова кечээ, 14-июлда, жаш ыктыярчылардын катарында обсервацияда бейтаптарга жардам берип жүрүп, көз жумган.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты