​Коомдук саламаттыктын улуттук институтун түзүү сунушталды

  • 4 года мурун

Кырдаалга анализ кылуу жана дарттын мындан аркы жүрүшүн божомолдоо зарыл, -деп белгиледи Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 15-июлда, саламаттыкты сактоо жаатындагы өлкөнүн белгилүү адистери менен болгон жолугушууда.

Жолугушууда өлкөдөгү эпидемиологиялык кырдаалды турукташтыруу, кырдаалга анализ кылуу жана божомолдоо, илдеттин өзгөчөлүктөрү жана аны дарылоо боюнча пикир алышуу болду.

Мамлекет башчы жолугушуунун катышуучуларынын илимий пикирлерин, азыркы кырдаалда жаралган көйгөйлөрүн чечүү үчүн практикалык сунуштарын укту.

Президент менен жолугушууга төмөнкү дарыгерлер катышканы маалымдалды.

— медицина илимдеринин доктору, профессор, И. Ахунбаев атындагы КММАнын үй-бүлөлүк медицинаны дипломдон кийинки окутуу кафедрасынын башчысы Нурлан Бримкулов;

— ДССУ эксперти Касымбек Мамбетов;

— медицина илимдеринин доктору, профессор, Улуттук кардиология жана терапия борборунун директору Акпай Сарыбаев;

— медицина илимдеринин доктору, профессор, Россия табият таануу илимдер академиясынын академиги, «Профилактикалык медицина» илимий-өндүрүштүк бирикмесинин директору Омор Касымов;

— медицина илимдеринин доктору, профессор, Саламаттыкты сактоо министрлигинин жугуштуу оорулар боюнча штаттан тышкаркы башкы адиси Айнура Кутманова;

— медицина илимдеринин доктору, Саламаттыкты сактоо министрлигинин штаттан тышкаркы башкы клиникалык фармакологу Аида Зурдинова;

— Ден соолукту бекемдөө республикалык борборунун (ДБРБ) директору Нуриля Алтымышева;

— дары-дармектерди ырааттуу пайдалануу боюнча адис Бактыгүл Камбаралиева.

Жолугушуунун катышуучулары өлкөдөгө эпидемиологиялык кырдаалды турукташтыруу боюнча калктын саламаттыгын коргоо үчүн бир катар сунуш-пикирлерди айтып чыгышты.

Иш-аракеттерди координациялоо үчүн коомдук саламаттыктын улуттук институтун түзүүнү сунуш кылышты.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты