​АКШ онлайн билим алган чет өлкөлүк студенттерге виза бербөө чечимин жокко чыгарды

  • 4 года мурун

АКШ бийлиги онлайн режимде окуй турган чет өлкөлүк студенттерди өлкөдөн чыгаруу тууралуу чечимин жокко чыгарды.

Бул тууралуу «Америка үнү» радиосу билдирди.

Ак үйдөн чечимди жокко чыгарууга бир нече университет менен штаттардын сотко кайрылуусу себеп болгонун ырасташты.

Буга чейин Гарвард жана Массачусет технологиялык институту сотко доо арыз менен кайрылышкан. Алар президенттик администрациянын бул чечимин мыйзамсыз деп атап, ал академиялык процесске терс таасирин тийгизерин билдиришкен. Чет өлкөлүк студенттерди АКШдан чыгарууга 20 штат да каршылыгын билдирген. Мындан тышкары Google, Facebook жана Twitter өңдүү ондогон ири компаниялар, колледждер, университеттер сотко кайрылып, чет өлкөлүк студенттерге карата мурдагы саясатты калыбына келтирүү талабын колдогон эксперттик пикирлерди көрсөтүшкөн.

АКШдагы жогорку окуу жайларда миллиондон ашык чет өлкөлүк студенттер окуйт.

Сүрөт: AFP.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты