​Өкмөт башчы «жакынкы күндөрү өлкөдө дары тартышыгы жоюлат» деди

  • 4 года мурун

Өлкөдө жакынкы күндөрү гепарин тартыштыгы жоюларын өкмөт башчы Кубатбек Боронов 14-июлда онлайн брифингде билдирди.

Анын айтымында, өлкөдөгү таңкыстык коомчулук дүрбөлөңгө түшүп, айрым жарандардын ашыкча дары алып баштагынан, алып сатарлардын кызыл кулактыгынан улам пайда болду. Учурда өкмөт бир нече өлкө менен сүйлөшүп учак менен дары алып келүү боюнча иштерди жүргүзүүдө.

“Өзбекстандын өкмөт башчысы Абдулла Нигматович Арипов менен сүйлөштүм. Ал жерде гепарин өндүрүшү бар экен. Бир жуманын ичинде ал жерден 30 миң таңгакты келишим менен алып келүүгө сүйлөштүк. Жакынкы күндөрү таңкыстык жоюлат”,деди Боронов.

Өкмөт башчы Иран, Индия, Кытай сыяктуу мамлекеттер менен дагы керектүү дарыларды алып келүү боюнча сүйлөшүү жүрүп жатканын кошумчалады. Ал эми “өкмөт эмнеге буга чейин алып келген эмес?”– деген суроого, “учурда бардык мамлекеттерде сыртка дары ташуу таттаалдашканын жана ал үчүн мамлекеттик деңгээлде сүйлөшүү керек” деп жооп берди.

Коронавирус күчөп турган кезде Кыргызстанда дары-дармектин баасы көтөрүлүп, айрымдары табылбай жатат. Көпчүлүк бейтаптар канды суюлтуучу антикагулянттарга, антибиотиктерге жана вируска каршы дарыларга муктаж болууда.

Ал эми калкка дары кампаларында керектүү дары-дармекти катып алуу фактылары да катталып, кылмыш иши козголууда.

Сүрөт: Интернет булактарынан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты