СOVID-19: 439 учуру аныкталды, 11 киши каза тапты. Пневмониядан 74 киши көз жумду

  • 4 года мурун

15-июлга карата республикада бир суткада COVID-19 вирусунун 439 учуру аныкталды. 11 киши каза тапты. Пневмониядан 74 киши көз жумду.

Анын ичинен:

Бишкек шаары – 172;
Чүй облусу — 70;
Ош шаары — 53;
Ош облусу — 30;
Жалал-Абад облусу — 32;
Баткен облусу — 66;
Ысык-Көл облусу — 14;
Нарын облусу — 1;
Талас облусу — 1.

Бул тууралуу коомдук саламаттык сактоо башкармалыгынын башчысы Айнура Акматова билдирди.

Өлкөдө коронавируска жалпысынан 11 977 киши кабылды.

Коронавирустан 11 киши көз жумду. Жалпы каза болгондордун саны 160 кишини түздү.

Республика боюнча коронавирустан 3660 бейтап айыгып, ооруканадан чыгарылды.

Пневмония менен бир суткада 954 бейтап катталды.

Бир сутка ичинде пневмониядан 74 бейтап каза болду.
Март айынан бери пневмониядан каза болгондордун жалпы саны – 571 адам.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты