Ыктыярчы медиктер тобуна Отунбаева 155 миң сом которду

  • 4 года мурун

Ыктыярчылар медиктер тобуна Роза Отунбаева 155 миң сом жана «Дордой» базарынын профсоюзу 100 миң сом которду.

Бул тууралуу «Фейсбук» баракчасында элдик ыктыярчылар тобунун демилгечиси Тынчтык Алтымышев билдирди.

«Кечээ, Роза Отунбаева абалыбызды сурап, 155 000 сом которуптур. Албетте бул бизге эмес, бизге ишенген элге чоң жардам.

Бүгүн «Дордой» базарынын профсоюзунун башчысы Дамира Дөөлөталиева эже таң атпай чалып, биздин эсепке профсоюздун атынан 100 миң сом берээрин айтып, сүйүнттү» деди Алтымышев.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты