Министрлик 220 ИВЛ аппаратына муктаж

  • 4 года мурун

Саламаттык сактоо министрлигинин алдындагы коомдук саламаттык сактоо башкармасынын башчысы Айнура Акматова министрлик 220 ИВЛ аппаратына муктаж экендигин айтты.

-Бүгүнкү күндө, өпкөнү жасалма дем алдыруу аппаратынын – 572си колдонулуп жатат. Пандемия башталгандан бери, 23 ИВЛ аппараты, 5 СИПАП аппараты, 130 БИПАП аппараттары алынган.

Донорлордун каражат эсебинен сатып алууга – 63 ИВЛ аппаратка тендер өткөрүлдү. Ал эми, өткөн жумада Өзбекстандан 100 БИПАП аппараты келген.

Учурда дагы 220 ИВЛ аппаратка муктаж, – деп билдирди коомдук саламаттык сактоо башкармалыгынын башчысы Айнура Акматова.

14-июлга карата COVID-19 инфекциясынын 421 учуру катталды, экөө каза тапты. Пневмониядан 45 бейтап көз жумду.

Сүрөттө: ИВЛ аппараты. Интернет булактарынан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты