COVID-19: Жаңы 488 учуру катталды, 15 бейтап көз жумду. Пневмониядан 29 киши каза тапты

  • 4 года мурун

Кыргызстанда 13-июлга карата коронавирустун жаңы 488 учуру аныкталды.15 бейтап каза тапты. Пневмониядан 29 киши көз жумду.

Анын ичинен:

Бишкек шаары – 265;

Чүй облусу – 37;
Ош шаары – 45;
Ош облусу – 26;
Жалал-Абад облусу – 51;
Баткен облусу – 43;
Ысык-Көл облусу – 15;
Нарын облусу – 4;
Талас облусу – 2.

Республика боюнча коронавируска чалдыккандардын жалпы саны- 11 117.

Бул тууралуу саламаттык сактоо министрлигинин адындагы коомдук саламаттык сактоо башкармалыгынын жетекчиси Айнура Акматова билдирди.

Коронавирустан бир суткада 73 киши айыгып чыкты. Жалпы айыгып чыккандар- 3460.

Коронавирустан 15 киши көз жумду. Каза тапкандардын жалпы саны-147.

Ооруканадан тышкары пневмониядан 165 киши айыгып чыкты.

Ал эми пневмониядан бир сутка ичинде 29 бейтап каза болду. Пневмониядан каза болгондордун далпы саны 452ге жетти.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты