​ДССУ: Казакстанда пневмониянын күчөшү коронавируска байланыштуу болушу ыктымал

  • 4 года мурун

Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун (ДССУ) өкүлү Майкл Райан Казакстанда акыркы жумаларда пневмониянын күчөшү коронавирус илдети менен байланыштуу болушу мүмкүн экенин жарыялады.

ДССУнун саламаттык сактоо тармагындагы өзгөчө кырдаалдар боюнча программасынын башчысы Майкл Райан брифингде Казакстанда пневмониянын көп катталышы туура эмес диагноз коюлган коронавирустун бир формасы болушу мүмкүн экенин айтты. Райан “муну Борбор Азияда мамлекеттериндеги COVID-19 менен ооругандардын көбөйүшү далилдейт” деп кошумчалады.

Майкл Райан ДССУ казак бийлиги менен пневмониясы бар бейтаптардын рентген-сүрөттөрүн изилдеп жатканын билдирди. Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму пневмонияны коронавирус илдети козгошу мүмкүн дегени менен, башка версияларды да изилдөөгө даяр.

Казакстанда июль айынын биринчи аптасында эле 40 миңдей киши пневмонияга кабылган. Бул тууралуу саламаттык сактоо министри Алексей Цой өкмөттүн жыйынында сүйлөп жатып билдирди. Ал пневмония менен жабыркагандардын жарымынын анализинен коронавирус табылбаганын кошумчалады.

Министрдин айтымында, бул сан былтыркы жылдын ушул маалына караганда 2,3 эсе көп.

Цойдун айтымында, жыл башынан бери пневмониядан жабыркаган 99 миңдей адам катталган, илдеттен 1800гө жакын киши көз жумган. Ал эми расмий статистикага ылайык, кошуна өлкөдө коронавирус 55 миңдей кишиден аныкталган.

Казакстанда пневмония менен ооругандардын саны СOVID-19га кабылгандардын расмий статистикасына кошулган жок. Июль айынан бери коронавирустан өлгөндөрдүн саны жумасына бир ирет гана жарыяланат.

Кыргызстанда март айынан бери өпкөсү кагынып каза болгондордун жалпы саны 423 адамга жетти. Өлкө бийлиги пневмония менен ооругандарды СOVID-19га кабылгандардын расмий статистикасына кошкон жок.

Булак: Борбор Азия жаңылыктар кызматы.

Сүрөт: AFP/

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты