​Гайша Ибрагимова дүйнөдөн мезгилсиз кайтты

Мурдагы билим берүү министри, “Илим” аттуу билим берүү комплексинин жана “Билим берүү мекемелеринин бирлиги” ассоциациясынын башчысы Гайша Ибрагимова 68 жаш курагында көз жумду.

Маалыматтарга караганда, Гайша Ибрагимова пневмония диагнозу менен ооруканага жаткырылган.

Социалдык тармактарда Гайша Ибрагимованын өлкөнүн билим берүү тармагына сиңирген эмгеги, өмүр жолу тууралуу жазып жатышат.

Гайша Ибрагимова 1951-жылы Россияда, ГУЛАГ бөлүмүнө караштуу Таймыр жарым аралындагы Дудинка аттуу жерде туулган.

1990-жылдары Ибрагимова бир тууган сиңдилери менен “Илим” аттуу биринчи жеке билим берүү борборун ачкан.

Гайша Ибрагимова ошондой эле 2005 жана 2010-жылдары Президентикке талапкерлигин койгон.

“Эсимде” аттуу долбоордо анын ГУЛАГда атасы Кыргызстан аттуу кооз мамлекет бар экенин айтканын эскерүүсү бар.

Сталин каза болгондон кийин, туткундагылар бошотулуп, Гайша алты жашка чыкканда анын атасы Жусупбек Есеналиев менен Алия Хайрова Кыргызстанга келишет. Кыргызстанда эркиндикте беш жыл гана жашагандан кийин атасы кайтыш болуп калат. Апасын төркүнүнө Поволжьеге чакырышат. Бирок апасы кыздары атасынын жеринде калышын каалап, үч кызын жалгыз бутуна тургузгандыгы айтылат. Кыздары билим алуунун маанисин дене-боюна сиңиргендиги, кийин ата-энесинин насаатын ишке ашыргандыгы, билим берүү системасына кошкон салымы белгиленет.

“ПолитКлиника” медиасынын жамааты Гайша Ибрагимованын үй-бүлөсүнө жана жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтат.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты