Ошко Москвадан кыргызстандыктар келди

  • 4 года мурун

“Ош” эл аралык аэропорту «Авиатраффик компани» авиакомпаниясынын Москва-Ош багыты боюнча чартердик каттамын тосуп алды.

11-июлда Кыргызстандын 156 жараны кайтып келди, алардын арасында жаш балдар бар.

Каттам дүйнөдөгү коронавирус инфекциясынын пандемиясынын жайылышынан чек аралар убактылуу жабылышынан жана эл аралык жүргүнчү ташуу токтошунан улам чет өлкөдөгү Кыргызстандын жарандарын кайтаруу иштеринн алкагында ишке ашырылган.

Өзгөчө, каттамга Россиянын ЖОЖдорунда окуган студенттер, төрөтү жакындап калган кош бойлуулар жана жаш балдары бар аялдар, ошондой эле Мекенине чукул түрдө кайтышы керек жарандар киргизилген.

Буга чейин Екатеринбург шаарынан 243 кыргызтандык келген.

Бул тууралуу КР тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты