COVID-19: Жаңы 552 учуру катталды, 3 бейтап каза тапты. Пневмониядан 32 киши көз жумду

  • 4 года мурун

11-июлга карата өлкөдө бир суткада коронавирустун 552 учуру катталды.

Анын ичинен:

Бишкек шаары – 314;
Чүй облусу — 124;
Ош шаары — 24;
Ош облусу — 13;
Жалал-Абад облусу — 26;
Баткен облусу — 28;
Ысык-Көл облусу — 6;
Нарын облусу — 17.

Бул тууралуу саламаттык сактоо министрлигинин алдынлагы коомдук саламаттык сактоо башкармалыгынын башчысы Айнура Акматова билдирди.

Коронавируска чалдыккандардын жалпы саны 9910го жетти.

Ооруканадан айыгып 102 киши чыкты. Айыккандардын жадпы саны — 3236.

Пневмониядан 32 киши каза тапты. Пневмониядан каза тапкандардын санын жалпы саны 382 ге жетти.

Коронавирустан 3 киши көз жумду. Коронавирустан көз жумгандардын жалпы саны 125 киши болду.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты