​Айтылуу аалым Чубак ажы Жалилов дүйнөдөн мезгилсиз өттү

  • 4 года мурун

Орто Азияга белгилүү аалым Чубак ажы Жалилов бүгүн, 11-июлда, 45 жаш курагында дүйнөдөн өттү.

Бул тууралуу социалдык тармакта кабарланып, муфтиятта аны ЖМКга тастыктады.

Чубак ажы буга чейин пневмония илдетине чалдыкканы, 10-июлда улуттук госпиталга оор абалда келип түшкөнү айтылды.

Чубак ажы Жалилов — 1975-жылы 21-январда Жалал-Абад облусуна караштуу Базар-Коргон районундагы Бай-Мундуз айылында туулган.

Кыргызстан Ислам университетинде жана Сауд Арабиясыдагы «Умм аль-Куро» эл аралык университетинин алдындагы араб тили институтунда билим алган.

Эмгек жолу 1995-1998-жылдары Кыргыз улуттук университетинин чыгыш таануу факультетинде араб тили сабагынан мугалим болуу менен башталган.

Ал эми 2005-2007-жылдары Бүткүл дүйнөлүк ислам лигасынын Орто Азия боюнча эксперти, 2008-2010-жылдары Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгында бөлүм жетекчиси, ошол эле жылдары Кыргызстан Ислам университетинде мугалим болуп эмгектенген.

Чубак ажы Жалилов 2010-2012-жылдары Кыргызстандын муфтийи кызматын аркалаган.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты