​Бириккен Араб Эмиратынан кыргызстандыктар келди

  • 4 года мурун

«Fly Dubai» авиакомпаниясынын Дубай-Бишкек багыты Бириккен Араб Эмиратынан 122 кыргызстандык кайтып келди, алардын арасында жаш балдар бар.

Каттам коронавирус пандемиясынын жайылышынан чек аралар убактылуу жабылышынан жана эл аралык жүргүнчү ташуунун токтошунан улам чет өлкөдөгү Кыргызстандын жарандарын кайтаруу боюнча жүргүзүлгөн иштирн аркасында ишке ашырылган.

Ошондой эле Кыргызстанга Улуу Британия жана Бахрейнден мекендештер кайтып келишти, алар Дубайдын аэропортунан Emirates airlines авиакомпаниясы аркылуу Кыргызстанга транзиттик каттамга отурушкан.

Дубай-Бишкек маршруту боюнча кийинки каттамдар 17, 24 жана 31-июлга пландалган.

Бул тууралуу КР тышкы иштер министрлигинин маалымат департаменти билдирди.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты