Новосибирскиден Кыргызстандын жарандары кайтып келди

  • 4 года мурун

10-июлда Кыргызстанга «Авиатрафик» авиакомпаниясынын «Новосибирск–Бишкек» багыты боюнча Россиядан 192 кыргызстандык келди. Алардын арасында жаш балдар бар,

Бул тууралуу тышкы иштер министрлигинин маалымат департаменти билдирди.

Келгендерин арасында кош бойлуу жана жаш балдары бар аялдар, кары адамдар, Новосибирск клиникасынан операция болгондор, сибир ЖОЖдо окуган студенттер – Кыргызстандын жарандары, ошондой эле Кыргызстандагы медициналык мекемелерге COVID-19 илдети менен күрөшүүгө ыктыярчы – дарыгер, медайымдар бар.

Кечээ, 9-июлда, Ошко Санк-Петербургдан Кыргызстандын 184 жараны келген.

Чартердик каттам чет мамлекеттерде жүргөн жана мекенине кайтып келүүгө мүмкүнчүлүгү жок Кыргызстандын жарандарын кайтаруу боюнча жүргүзүлгөн иштердин алкагында аткарылды.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты