​Тоңдо жаан жолго кум жана шагыл толтурду

  • 4 года мурун

9-июлда Ысык-Көл облусунунун Тоң-районунда кыска мөөнөттө жаап өткөн жаандын кесепетинен Балыкчы-Бөкөнбаев унаа жолун (Кызыл-Туу айылы) суу жууп, кум шагылга толгон.

ӨКМ кызматкерлери ал жакта тазалоо иштерине тартылган.

Бул тууралуу өзгөчө кырдаал министрлигинин Ысык-Көл облус боюнча башкармалыгынын башчысы полковник Замир Жумагазиев билдиргенин ӨКМ басма сөз кызматы кабарлады.

Буга чейин Кыргызгидромет 9-11-июлда Кыргызстандын аймагында туруксуз аба-ырайы күтүлөрү тууралуу шашылыш билдирүү таркаткан.

Сүрөт: ӨКМ.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты