Облустар аралык коомдук унаа убактылуу токтотулду

  • 4 года мурун

Кыргызстандын бардык облустарында кечээтен, 9-июлдан баштап, облустар арасындагы жүргүнчү ташыган коомдук транспорттун, шаарлар аралык автобустардын жүрүшү убактылуу токтотулду.

Бул чектөөнүн мөөнөтү Кыргызстандын аймактарында эпидемиологиялык абал жакшырганга чейин күчүндө болот.

Мындай чечим COVID-19 вирусунун жайылышын болтурбоо жана алдын алуу боюнча облустук оперативдик штабда кабыл алынды.

Бул тууралуу республикалык штаб маалымдады.

Сүрөт: Республикалык штаб.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты