​Ыктыярчылардын жардамын координациялоо үчүн birge.pro платформасы ишке кирди

  • 4 года мурун

Бүгүнкү күндө көптөгөн ыктыярчылар жана жөнөкөй жарандар медициналык мекемелерге жана медициналык кызматкерлерге жардам берип жатат. Алардын иши координациялоо үчүн «Бирге» платформасы ишке кирди.

-Негизги максатыбыз – медициналык мекемелерге жардам көрсөтүү жана колдоо маселелерин чечүү боюнча иш-аракеттерди максималдуу мобилизациялоо, — деп билдирди «Бирге» ыктыярчылар штабынын өкүлү Эльдар Шабданов.

Анын айтымында, медиктер менен байланышта болгон ыктыярчылардын милдеттерин пландай турган сайтта тигил же бул ооруканага эмне жетишпей жаткандыгы тууралуу маалымат жайгаштырылат – жеке коргонуу каражаттары, тамак-аш, медпрепараттар ж.б. Ар бир каалоочу билдирмени көрүп, аны аткарууга алса болот. Платформа билдирменин аткарылышын көзөмөлдөөгө мүмкүнчүлүк берет.

Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитетинин төрагасынын орун басары Адилет Абылов бул платформаны бирдиктүү мамлекеттик портал катары интеграциялоо пландалып жатканын кошумчалады, анда баарына жеткиликтүү боло турган бардык маалыматтык ресурстар жайгаштырылмакчы.

Сүрөттө: 1. Ыктыярчылар

2. Ыктыярчылар тобун түзгөн Тынчтык Алтымышев. Фейсбук баракчасынан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты