COVID-19: Жаңы 361 учуру аныкталды. 4 киши каза тапты. Пневмониядан 42 бейтап көз жумду

  • 4 года мурун

9-июлга карата республикада бир суткада коронавирустун жаңы 361 учуру катталды.

Анын ичинен:

Бишкек шаарында – 150;

Чүй облусу – 59;

Ош шаарында – 43;
Ош облусу – 28;

Жалал-Абад облусу — 25

Баткен облусу – 20;
Ысык-Көл облусу – 17;
Нарын облусу – 18;
Талас облусу – 1.

Коронавирус жуктуруп алгандардын жалпы саны 8847ге жетти.

Бир күндө ооруканадан айыгып чыккандардын саны 70ке жетти. Кыргызстанда жалпысынан 3053 киши коронавирустан айыкты.

Бул тууралуу саламаттык сактоо министрлигинин алдындагы коомдук саламаттык сактоо башкармалыгынын башчысы Айнура Акматова билдирди.

Коронавирустан 4 бейтап каза тапты. Жалпысынан республикада коронавирустан 116 киши каза тапты.

Бир сутка ичинде пневмониядан 42 бейтап кз жумду. Алардын ичинен — Бишкекте 21 киши.
Март айынан бери пневмониядан көз жумгандардын жалпы саны – 310 киши болду.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты