​Боронов эмгек өргүүсүндөгү дарыгерлерди ишке чыгууга чакырды

  • 4 года мурун

Кыргыз өкмөтү эмгек өргүүсүндө жүргөн бардык медицина кызматкерлерин жумушка чакыртып алмай болду.

8-июлда коронавируска каршы республикалык ыкчам штабдын жыйынында премьер-министр Кубатбек Боронов өлкөдөгү эпидемиологиялык абал чечкиндүү аракеттерди талап кылып жатканын айтты.

«Ооруп жаткандар дарыланып, саламаттыгын чыңдашсын. Бирок дени сак жана эмгек өргүүсүндөгү медкызматкерлер ишке чыгып, күнү-түнү нөөмөттө туруп, бейтаптарды кабыл алып жаткан кесиптештерине жардам берүүгө тийиш» деди ал.

Боронов азыр дарттын күчөгөн учуру Бишкек шаарына жана Чүй облусуна туура келгенин айтып, «Бишкекте жашаган саламаттык сактоо тармагынын бардык кызматкерлерин өргүүдөн ишке чыгууга чакырам. Бул азыркы учурдун талабы болуп жатат» деп кошумчалады.

Кыргызстанда дарыгерлердин саны 14 миңдин, ал эми орто медициналык персоналдын жалпы саны 35 миңдин тегерегинде.

Бишкекке жана Чүйгө абал оор болуп жаткандыктан аймактардан 100дөн ашуун медкызматкер кошумча тартылган.

Өкмөттүн чечимине ылайык, вирус жуккан медицина кызматкерлерине 200 миң сом, ал эми каза болгондорго бир миллион сом кенемте төлөнүп берилиши керек.

Буга чейин Боронов дарыгерлердин кошумча айлык акысы көбөйөрүн айткан.

8-июлга карата өлкөдө бир суткада коронавирус инфекциясынын 345 учуру аныкталды.

Коронавирустан бир күндө 13 киши каза тапты. Коронавирустан каза тапкандардын жалпы саны 112ге жетти.

Ооруканадан сырткары пневмониядан 44 киши көз жумду, анын ичинен аймактарда 14 киши жана Бишкекте — 30 бейтап.
Март айынан бери пневмониядан жалпы каза болгондордун саны – 268 киши болду.

Иллюстрациялык сүрөт: president.kg

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты