COVID-19: 345 учур аныкталды. 13 киши каза тапты. Пневмониядан 44 киши көз жумду

  • 4 года мурун

8-июлга карата өлкөдө бир суткада коронавирус инфекциясынын 345 учуру аныкталды.

Анын ичинен:

Бишкек шаары– 183;
Чүй облусу – 51;
Ош шаары – 22;
Ош облусу – 7;
Жалал-Абад облусу – 23;
Баткен облусу – 21;
Ысык-Көл облусу – 24;
Нарын облусу – 14.

Коронавируска чалдыккандардын жалпы саны 8486га жетти.

Коронавирустан 67 киши ооруканадан айыгып чыкты. Айыккандардын жалпы саны 2983 болду.

Коронавирустан бир күндө 13 киши каза тапты. Коронавирустан каза тапкандардын жалпы саны 112ге жетти.

Ооруканадан сырткары пневмониядан 44 киши көз жумду, анын ичинен аймактарда 14 киши жана Бишкекте — 30 бейтап.
Март айынан бери пневмониядан жалпы каза болгондордун саны – 268 киши болду.

Бул тууралуу маалымат жыйынында саламаттык сактоо министрлигинин коомдук саламаттык сактоо башкармалыгынын башчысы Айнура Акматова билдирди.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты