Кытай бийлиги өлкөдө кара тумоо катталганын ырастады

  • 4 года мурун

Кытайдын бийлиги Монголия жана Орусия менен чектешкен Ички Монголия провинциясында кара тумоо дарты катталганын расмий ырастады.

Кытайда бул дартка бир киши чалдыкканы белгилүү — ал Ички Монголия провинциясындагы Баян-Нур шаарында жашаган койчу. Азыр ал карантинде, абалы туруктуу. Провинциядагы тургундарга суурга аңчылык кылууга жана анын этин жегенге тыюу салынды.

Кара тумоо өткөн жумада Монголиянын Кытай жана Орусия менен чектешкен аймагында чыкканы кабарланган. Өлкөнүн саламаттык сактоо министрлигинин маалыматына караганда, Ховд районунда жашаган эки бир тууган илдетти суурдун этин жегенден кийин жуктуруп алышкан. Алардын бардык туугандары обочолонуп, районго убактылуу карантин жана коменданттык саат киргизилген. Мындан тышкары аймакта жапайы жан-жаныбарга аңчылык кылууга тыюу салынган.

Бул тууралуу Борбор Азия жаңылыктар кызматы кабарлады.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты