​Боронов: Өпкөсү сезгенген бейтаптардын көбөйүшү кырдаалды мурдагыдан да курчутту

  • 4 года мурун

Республикада эпидемиологиялык кырдаал өтө оор болуп турат. Акыркы күндөрү өлкө боюнча күнүгө 300дөн ашык киши коронавирус инфекциясын жугузууда. Айрым учурда COVID-19га чалдыккандардын саны 500гө чейин жетүүдө.

Коронавирус инфекциясынын кесепетинен өпкөсү сезгенген бейтаптардын санынын көбөйүшү кырдаалды мурдагыдан дагы курчутту, — деп билдирди премьер-министр Кубатбек Боронов.

«Саламаттык сактоо системасына болуп көрбөгөндөй күч келгенин моюнга алышыбыз керек.

Кырдаал өтө оор жана татаал, ал үчүн биздин жоопкерчилигибиз бар. Жарандарыбыз ооруканалардан медициналык жардам алууда кыйынчылыктарга туш келүүдө. Ооруканалардагы кезек күтүү жана бейтаптар үчүн даярдалган орундардын тез толушу — бул бүгүнкү күндүн чындыгы, — деп белгиледи Кубатбек Боронов.

Жаңы орундар түзүлүп, күндүзгү стационар ачылып жатат. Кабыл алуу борборлору Бишкек шаары менен Чүй облусунда гана ачылбастан, өлкөнүн бардык аймактарында түзүлүүдө.
Бүгүнкү күндө бул ишке кайдыгер эмес жарандар стационар үчүн имаратын берип, медицина кызматкерлерине тамак-аш ташып, финансы каражаттарын чогултуп, жетишсиз болуп жаткан медициналык аппарат сатып берүү менен жардам берүүдө.

Анын айтымында, өпкөнүн сезгениши менен жабыркаган бейтаптар үчүн Бишкек шаарында кошумча 2 062 орун даярдалган. Анын ичинде 69 интенсивдүү терапия бар.

«Манас» аэропортундагы «Семетей» обсерваторунда 112 оорулууга эсептелинген борбордук суюк кычкылтек жеткирүү системасы орнотулууда.

№1 интернат 150 орундук, медициналык жардам көрсөтүү үчүн ачылды, — деп билдирди премьер-министр.

Бишкек мэриясы тарабынан күндүзгү стационардык борбордон дагы бешөө ачыла турганын да айтты.

Сүрөттө: кычкылтек концентратору.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты