​Финпол фармкомпания башчыларына сотко чейинки өндүрүш баштады

  • 4 года мурун

Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү кызматыинансы полициясы) ири фармацевтикалык компаниялардын жетекчилерине сотко чейинки бир нече өндүрүш ачты.

Бул тууралуу мекеменин басма сөз кызматы билдирди.

Финансы полициясынын кызматкерлери жарандардын кайрылуулары боюнча дарыканаларда рейд жүргүзүп, бааны негизсиз жогорулатуу фактыларын аныкташкан.

Бул фактылар кылмыш жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүш башталды.

«Финансы полициясы мыйзам бузган фармацевтикалык компаниялар менен дарыканалардын толук аталыштарын жарыялоого аргасыз. Эл эпидемиологиялык абалдан пайдаланып пайда көрүүнү көздөгөндөрдү билиши керек» деп жазылган мекеменин билдирүүсүндө.

Соңку күндөрү Кыргызстанда дарыканага кезек күткөндөр көбөйүп, негизинен вируска каршы дарылар жок болуп жана дарылар кымбаттап кеткенин социалдык түйүн колдонуучулары жазып жатышат.

Сүрөт: APF.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты