Оморбай Нарбеков 79 жашында каза тапты

  • 4 года мурун

Кыргыз Республикасынын илимине эмгек сиңирген ишмер, медицина илимдеринин кандидаты, «Бейиш» элдик медицина борборунун башкы директору Оморбай Нарбеков 79 жашында көз жумду.

Бул тууралуу аксакалдар кеңешинин атынан коомдук ишмер Дөөлөтбек Шадыбеков билдирди.

Нарбеков бир катар жылдары Кыргыз мамлекеттик медицина институтунда иштеген.
1991-жылдан Кыргызстан «Бейиш» илимий изилдөө институтунун жана элдик медицина борборунун башкы директору.

Анын илимий эмгектери бийик тоо шартында өпкө гипертензиясы жана жүрөк-кан тамыр системасынын ооруларын диагноздоо, дарылоо жана алдын алууга, Кыргызстан минерал сууларын, дары баткактарын дарылык максатка колдонуунун жолдорун изилдөөгө, ошондой эле элдик медицинанын айрым ыкмаларын изилдеп, иштеп чыгууга жана башкага арналган.

Сүрөт: Интернет булактарынан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты