20 миңден ашык жараныбыз кайтты. Дагы келүүнү көздөгөндөр көп
- 4 года мурун
Коронавирус инфекциясы чыккандан бери Кыргызстанга чет өлкөлөрдөн 20 миңден ашык жараныбыз кайтып келген.
Ошентсе дагы, мекенине кайтууну көздөгөн жарандарыбыз дагы бар, — деп билдирди КР тышкы иштер министринин орун басары Нуран Ниязалиев.
Анын айтымында, 6-июлга карата маалыматта 57 мамлекеттен 7812 КР жараны Кыргызстанга келүүнү көздөп, элчиликтерге жана консулдуктарга кайрылышкан.
Сүрөт: gov.kg
Муну бөлүшүү