​COVID-19: Кыргызстанда абал курч

Баш калаадан тышкары аймактарда да эпидемиологиялык абал курчуй баштаганы айтылууда.

Июнь айынын 15инен бери антирекорд бир нече жолу жаңыланып, коронавирус жугузуп, өпкөсү сезгенип ооругандар көбөйдү.

Бишкектеги ооруканалар толуп, медициналык кызматкерлер өздөрү да коронавирус жугузуп, аймактардан дарыгерлер менен медайымдар жардамга келди.

Ушу тапта шаарда ачылган күндүзгү стационарларда медиктерге жардам берип жаткан ыктыярчылар коргонуучу кийимдер, беткап жана колкап жетишсиз болуп жатканын билдиришүүдө.

«Ыктыярчыларга жеке коргонуу каражаттары жетишсиз болууда. Дарыгерлерге бир аз берилип жатат, бирок кийинки күндөргө керек болгондуктан алар кайра эле дароо сурап жатышат» деди ыктыярчы Айдана Оторбаева.

Саламаттык сактоо министрлиги Бишкекте эле ар бир үчүнчү медик ооруп жатканын билдирди.

Бир суткада өлкөдө 78 медициналык кызматкер коронавирус жуктуруп алганы аныкталды.

12 медициналык кызматкер ооруканадан айыгып чыкты.

Жалпысынан республика боюнча COVID-19 диагнозу менен медициналык кызматкерлер арасында – 1225 учур катталды.

«Бишкекте кошумча 2062 орун ачылды. Алардын 69у интенсивдүү терапия палаталары. Орундар бошор замат дароо толуп калып жатат. Жардамга муктаждар көп» деди саламаттык сактоо министринин орун басары Мадамин Каратаев.

Ал эми саламаттык сактоо министрлигинин алдындагы коомдук саламаттыкты сактоо башкармалыгынын башчысы Айнура Акматова 7-июлга карата орундар бошогонун кабарлады.

Ооруканадан сырткары пневмония болгондор үчүн улуттук госпиталда, Бишкектеги №1 клиникалык ооруканада, жана Ганси базасында 176 орун бар экенин билдирди. Ал жакка ооруканадан сырткары пневмония болгондор 118 жана колл-борборлору жана «Тез жардам» кызматы аркылуу барса болоорун билдирди

7-июлга карата бир суткада өлкөдө 78 медициналык кызматкер коронавирус жуктуруп алганы аныкталды. Эки медициналык кызматкер каза тапты.

Жалпысынан республика боюнча COVID-19 диагнозу менен медициналык кызматкерлер арасында – 1225 учур катталды.

Коронавирустан бир суткада 7 бейтап каза тапты. Каза болгондордун жалпы саны 88ге жетти.

7-июлдагы маалымат боюнча бир суткада коронавирустун 450 учуру аныкталып, жалпы саны 8141ге жетти.

Республикада бир сутка ичинде пневмониядан 29 бейтап каза болду.

Март айынан бери пневмониядан каза болгондордун жалпы саны – 224 киши болду.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты