COVID-19: Жаңы 450 учуру катталды

  • 4 года мурун

7-июлга карата Кыргызстанда бир суткада коронавирустун 450 учуру аныкталды.

Анын ичинен:

Бишкек шаарында – 229;
Чүй облусу – 84;
Ош шаарында – 32;
Ош облусу – 23;
Жалал-Абад облусу – 47;
Баткен облусу – 10;
Ысык-Көл облусу – 13;
Нарын облусу – 11;
Талас облусу – 1.

Бул тууралуу саламаттык сактоо министрлигинин коомдук саламаттык сактоо башкармалыгынын төрайымы Айнура Акматова билдирди.

Республикада бир суткада коронавируска чалдыккандардын жалпы саны 8141ге жетти.

Бир суткада 73 бейтап айыгып, ооруканадан чыкты. Жалпысынан 2916 киши айыкты.

Коронавирустан бир суткада 7 бейтап каза тапты. Каза болгондордун жалпы саны 88ге жетти.

Бир сутка ичинде пневмониядан 29 бейтап каза болду. Алардын ичинен Бишкекте — 19 киши.
Март айынан бери жалпы каза болгондордун саны – 224кө жетти.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты