​Жогорку Кеңештин депутаты, акын Чыныбай Турсунбеков дүйнө салды

  • 4 года мурун

Жогорку Кенештин депутаты, мурдагы төрага, акын, илимпоз Чыныбай Турсунбеков 6-июль түнү пневмония дартынан дүйнө салды.

Бул тууралуу парламенттен ЖМКга ырасташты.

Буга чейин Чыныбай Турсунбеков эки өпкөсүнөн пневмония болуп, улуттук госпиталда жасалма дем алдыруу аппараты аркылуу дем алып жатканы кабарланган.

Турсунбековдун коронавируска тапшырган анализи таза чыкканы айтылган. Соңку кезде анын саламаттыгы жакшы болуп келатканы кабарланган.

Чыныбай Акун уулу Турсунбеков 1960-жылы 15-октябрда Нарын облусунун Нарын районунун Жан-Булак айылында уулган.

1983-жылы Кыргыз мамлекеттик университетинин кыргыз филология жана журналистика факультетин, 2002-жылы Бишкек шаарындагы Дипломатиялык академияны артыкчылык дипломдору менен аяктаган.

1997-жылы «Акун» фирмасын негиздеген. Ошондон баштап «Акун» фирмалар тобун жетектеп турду.

2005- жана 2010-жылдардагы элдик ыңкылаптарды жандуу колдогон, Кыргызстанда либералдык реформаларды, базар экономикасынын, эркин басма сөздүн өнүктүрүлүшүнө тилектеш болгон коомдук ишмер эле.

Чыныбай Турсунбеков Жогорку Кеңештин депутаты, мурдагы төрагасы, акын, окумуштуу болчу.

«ПолитКлиника» медиасынын жамааты Чыныбай Турсунбековдун үй-бүлөсүнө жана жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтат.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты