Коопсуздук Кеңешинде эпидемиологиялык абал талкууланууда

  • 4 года мурун

Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 6-июлда, мамлекеттик органдардын жетекчилери, өкмөттүн облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү, шаар мэрлери жана райондордун кимдеринин катышуусунда коопсуздук кеңешинин жыйынын өткөрүп жатат.

Жыйын видеоконференция форматында уюштурулду.

Коопсуздук кеңешинин жыйынында өлкөнүн учурдагы эпидемиологиялык кырдаал маселеси жана коронавирус инфекциясынын жайылышына каршы күрөшүүдө көрүлүп жаткан чаралар жөнүндө маселе каралууда.

Вице-премьер-министр Аида Исмаилова, саламаттыкты сактоо министри Сабиржан Абдикаримов жана Бишкек шаарынын мэри Азиз Суракматовдун коронавирус инфекциясына каршы күрөшүү боюнча жүргүзүлүп жаткан иштер тууралуу маалыматтары угулууда.

5-июлга карата коронавирустан дагы 10 киши каза тапса, пневмониядан 26 бейтап көз жумду. Кыргызстанда СОVID-19 вирусунан жалпысынан 88 киши көз жумса, март айынан бери эле пневмониядан 177 киши көз жумду.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты