​Бир күндө пневмониядан 18 бейтап көз жумду

  • 4 года мурун

Бир сутка ичинде пневмониядан 18 бейтап каза болду. Алардын ичинен Бишкек шаарында 8 киши, калганы аймактарда.

Март айынан бери пневмониядан каза болгондордун жалпы саны – 195 кишиге жетти.

“Бишкек шаары боюнча пневмония – өпкөнүн сезгениши менен жабыркаган бейтаптар үчүн 2062 орун даярдалды. Белгилеп кетсем, көпчүлүгү реанимациялык блок жана шарттары бар. Эл «Ганси» базасындагы стационарга барууну каалабай жатат” деп билдирди саламаттык сактоо министринин орун басары Мадамин Каратаев.

Ошону менен бирге, стационар үчүн орнотулуучу жабдыктын жетишсиздигин белгилеп өттү.

Министрдин орун басары ар тараптан колдоо көрсөтүп жаткан кайдыгер эмес жарандарга ыраазычылык билдирди.

Анын айтымында, кечээ медициналык жабдуу алынып, республика боюнча бөлүштүрүлдү. Алардын басымдуу бөлүгү Бишкек шаарынын стационарларына бөлүнгөн.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты