​Бишкекте пневмонияны дарылоо боюнча төрт медборбор ачылат

  • 4 года мурун

Бишкекте курч респиратордук вирустук инфекция жана пневмониянын жеңил жана орто формасы менен ооруган бейтаптарды дарылоо үчүн атайын 4 борбор ачылат.

Мында ошондой эле капельница дагы алса болот. Белгиленгендей, борборлор саатына 700 бейтапты тейлейт. Убактылуу стационарлар борбор калаанын төрт районунда ачылат.

Убактылуу борборлор төмөндөгү даректер боюнча ачылат:

1. Ленин району – «Газпром» дене тарбия жана ден соолукту чыңдоо комплекси;
2. Биринчи май району – спорт сарайы;
3. Свердлов району – Санатбаев атындагы дене тарбия жана ден соолукту чыңдоо комплекси;
4. Октябрь району – чиркөөнүн жанындагы наабайкананын имараты (Магистраль боюнча).

Бул тууралуу республикалык штаб маалымдады.

Сүрөт: Республикалык штаб.

.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты