​БШК шайлоочулардын санын жарыя кылды

  • 4 года мурун

Кыргызстанда бүгүнкү күндө 3 миллион 407 миң 895 миң шайлоочу бар. Бул 2015-жылдагы шайлоого караганда 624 миң кишиге көп дегенди билдирет.

Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссисы кабарлады.

БШК шайлоочулар 16-июлдан тартып www.tizme.gov.kg порталынын жана 26-сентябрдан тартып тиешелүү шайлоо участокторунан өз тизмесин тактап алууга болоорун кабарлады.

Эгер тизмеден өзүн таппай же добуш берчү шайлоо участогун өзгөрткүсү келген жарандар болсо, тиешелүү арыз менен шайлоо комиссиясына кайрылышы керек.

28-сентябрга чейин шайлоо участокторунда шайлоочулардын акыркы тизмеси илинмекчи.

Шайлоо белгиленгенден кийин беш күндүн ичинде саясий партиялар шайлоого катыша тургандыгын билдириши керек.

Жогорку Кеңеш депутаттыгына талапкерлерди көрсөтүү шайлоо жарыялангандан кийин башталат жана 20-августка чейин уланат.

Талапкерлерди каттоо шайлоого бир ай калганда, 4-сентябрда, аяктайт.

Үгүт иши 4-сентябрдан 3-октябрга чейин жүргүзүлөт.

Президенттин жарлыгы боюнча Жогорку Кеңеш депутаттарын шайлоо 4-октябрга белгиленди.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты