COVID-19: Жаңы 327 учуру катталды. Эки бейтап каза тапты

  • 4 года мурун

Өлкөдө 4-июлга карата бир суткада коронавирус 327 кишиден аныкталды.

Анын ичинен:

Бишкек шаарында – 149;
Чүй облусу – 65;
Ош шаарында – 45;
Ош облусу – 8;
Нарын облусу – 22;
Жалал-Абад облусу – 8;
Талас облусу – 1;
Баткен облусу – 12;
Ысык-Көл облусу – 17.

Республика боюнча жалпысынан 7094 учур катталды.

Бул тууралуу саламаттык сактоо министрлигинин алдындагы коомдук саламаттык сактоо башкармалыгынын башчысы Айнура Акматова билдирди.

Бир суткада ооруканадан айыгып 59 бейтап чыкты. Жалпысынан республикада 2714 бейтап айыгып чыкты

Эки бейтап каза тапты. Коронавирустан бардыгы болуп 78 киши көз жумду.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты