Гүлжигит Аалиевге — «Манас» ордени. Дагы бир катар дарыгерлер сыйланды

  • 4 года мурун

Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 3-июлда, өлкөнүн бир катар медициналык кызматкерлерин мамлекеттик сыйлыктар менен сыйлоо жөнүндө жарлыкка кол койду.

Жарлыкка ылайык, коронавирус инфекциясына каршы күрөшүүгө, калктын саламаттыгын сактоого жана санитардык-эпидемиологиялык бакубаттуулукту камсыз кылууга салым кошкондугу үчүн, ошондой эле медициналык кызматкерлер күнүнө байланыштуу сыйлады.

III даражадагы «Манас» ордени менен республикалык жугуштуу оорулар клиникалык ооруканасынын башкы врачы Гүлжигит Аалиев, Ош облусунун Ноокат аймактык ооруканасынын директору Асамидин Марипов сыйланды.

«Даңк» медалы менен — Айгүл Жумаканова, саламаттык сактоо министрлигинин ооруларды алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө департаментинин лабораториялык сыноолор борборунун башчысы;

Дегим Кабылов— Чүй облусунун Москва районунун аймактык ооруканасынын жугуштуу оорулар бөлүмүнүн улук медайымы;

Гүлийпа Мадраимова— Ош облустар аралык клиникалык ооруканасынын гепатология бөлүмүнүн медайымы сыйланды.

Ошондой эле бир катар дарыгерлерге «Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген врачы» деген наам ыйгаруу жана Ардак грамота тапшыруу жарлыгы чыкты.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты