Жогорку Кеңеш депутаттарын шайлоо 4-октябрга дайындалды

  • 4 года мурун

Президент Сооронбай Жээнбеков Жогорку Кеңеш депутаттарын шайлоону дайындоо жөнүндө жарлыкка кол койду.

Конституциянын 64-беренесинин 1-бөлүгүнүн 1-пунктун жана «Кыргыз Республикасынын Президентин жана Жогорку Кеңеш депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык мыйзамынын 59-беренесинин 3-бөлүгүн жетекчиликке алып, жаңы чакырылыштагы Жогорку Кеңеш депутаттарын шайлоо 2020-жылдын 4-октябрына, жекшембиге дайындалат.

Жарлыкка ылайык, мындай тапшырмалар берилди:

Кыргыз Республикасынын Өкмөтү:

— шайлоону өткөрүү үчүн зарыл болгон финансы каражаттарын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы бекиткен чыгымдардын сметасына ылайык бөлүп берсин;

— шайлоону даярдоо жана өткөрүү мезгилинде мыйзамдуулукту, жарандардын укуктарын жана эркиндиктерин, санитардык-эпидемиологиялык коопсуздукту камсыз кылуу жана жарандардын ден соолугун, укук тартибин жана коомдук коопсуздукту сактоо, анын ичинде шайлоо комиссияларынын жайларын жана добуш берүү үчүн жайларды кайтарууну, алардын өрт коопсуздугун, шайлоо документтерин ташыган транспорт каражаттарын коштоону жана кайтарууну камсыз кылуу боюнча зарыл чараларды көрсүн;

— шайлоо процессинде колдонулуучу маалыматтык электрондук системалардын киберкоопсуздугун, ведомстволор аралык электрондук өз ара аракеттенүүнүн системасы аркылуу маалыматтарды алмашууну камсыз кылууда, ошондой эле мыйзамдарда белгиленген маалыматтарды берүү процесстерин жүргүзүү үчүн байланыштын үзгүлтүксүз жана коопсуз каналдары менен камсыз кылууда, шайлоочулардын тизмесин түзүүдө жана аны Калктын бирдиктүү мамлекеттик реестринин негизинде актуалдаштырууда Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясына көмөк көрсөтсүн.

Башкы прокуратура шайлоону даярдоодо жана өткөрүүдө Конституциянын жана мыйзамдардын сакталышын камсыз кылсын.

Жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын башчылары, Бишкек жана Ош шарларынын мэрлери, жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органдарынын жетекчилери шайлоого даярдык көрүүдө жана өткөрүүдө шайлоочулардын тизмелерин түзүү, тактоо, уюштуруучулук-техникалык маселелерди чечүү боюнча тиешелүү органдардын жана шайлоо комиссияларынын ишине көмөк көрсөтсүн, -деп айтылат жарлыкта.

Жарлык расмий жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты