Тендерлердеги асмандатылган бааларды Финпол дагы текшерет

  • 4 года мурун

Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызмат жеке коргонуучу каражаттар боюнча мамлекеттик сатып алууларга байланыштуу сотко чейинки өндүрүш ишин баштады.

Журналисттик иликтөөдөгү фактылар кылмыш жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталды.

Бул тууралуу аталган кызматтын басма сөз кызматы билдирди. Анын жыйынтыгында бул ишке тиешелүүлөргө укуктук баа берилет.

“ПолитКлиника” медиасы 1-июлда «Коронавирустан акча жасап: Жөнөкөй маска 25 сом, коргонуучу кийим 6000 сомдон алынган» аттуу иликтөө жарыялаган. Мамлекеттик сатып алуулар боюнча журналисттик иликтөө жүргүзүп, анда баасы 2 миң сомдон ашпаган жеке коргонуучу костюмдар 6000 сомдон, 30-150 сом турган респиратордук маскалар 300-400 сомдон алынганын иликтеп чыккан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты