Депутат Марлен Маматалиев COVID-19 менен күрөшүү боюнча элдик штаб уюштурат

  • 4 года мурун

Жогорку Кеңештин депутаты Марлен Маматалиев коронавируска каршы күрөшүү боюнча элдик штаб уюштура турганын билдирди.

Ал өлкөнүн тагдырына кайдыгер карабагандарды бул катарга чакырды.

“Азыркы эпидемиологиялык абал оор болуп, “Тез жардам” унаасы жетишпей турганда машинасы бар (мини-вен, кичи автобус) ыктыярчыларды бизге кошулууга чакырам” деди ал. Бардык чыгымдарды ал өз мойнуна алаарын айтты.

Ошондой эле Маматалиев өпкөнү жасалма жол менен дем алдыруу (ИВЛ) аппараттарына заказ кылганын жана кошумча орун үчүн кеңсесин берээрин билдирди.

Кыргызстанда пневмония болгондорду дарылаш үчүн негизги медициналык жабдыктар жетишпей жатат.

Сүрөт: «Фейсбук» баракчадан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты