​Кубатбек Жусубалиевдин чыгармачылык тагдырына арналган китеп жарык көрдү

  • 4 года мурун

«К. Жусубалиевдин жазуучулук тагдыры: чыгармачылыктагы эркиндик жана Акыйкаттын жолу» аттуу китеп жарык көрдү.

Китептин автору — Борбордук Азиядагы Америка университетинин антропология программасынын доценти Мукарам Токтогулова.

Китепте Кыргыз эл жазуучусу Кубатбек Жусубалиевдин өмүрү жана чыгармачылык тагдыры изилдөөгө алынды. Жазуучунун калыптанышына согуштан кийинки айыл турмушу, балалык кезде башынан өткөргөн драмалуу жашоо кырдаалдары, айылы Кердегей, чоң энеси жана совет мектебиндеги билим-тарбия кандай таасир эткендиги баяндалды.

Кыргыз совет адабиятындагы «ренессанстык доорду» жараткан «алтымышынчылардын» көрүнүктүү өкүлү катары К. Жусубалиевулуттук адабиятыбызга кандай темалык, образдык, стилдик жана көркөм-эстетикалык жаңылыктарды алып келгендиги талданды.

Чыгармачылыкта эркиндикти туу туткан жазуучунун тагдырына советтик цензуранын тийгизген кедергиси белгиленди.

Мындан сырткары, Жусубалиевдин көп кырдуу изденүү багыттары талданып, эгемендүүлүк жылдарда акыйкаттын жолун таанууга дитин буруп, жалгыздыкты тандаганы жана ошол изденүүлөрү «Авангарддык ырларында» кандай чагылдырылганыайтылды. Ошондой эле, К. Жусубалиевдин кайра куруу жылдарынан баштап эркин маалымат кызматын түптөөгө кошкон салымына баа берилди.

Китептин жооптуу редактору профессор Осмонакун Ибраимов, рецензенттер филология илимдеринин доктору, профессор Аида Эгембердиева, КР маданиятына эмгек синирген ишмер, филология илимдеринин доктору Талантаалы Бакчиев.

Онлайн университет платформасы 3-июлда, саат 17.00дө «К. Жусубалиевдин жазуучулук тагдыры: чыгармачылыктагы эркиндик жана Акыйкаттын жолу» аттуу китептин бет ачарын өткөрөт.

Бул тууралу уюштуруучулар маалымдады.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты