​Сovid-19ду дарылоо амбулатордук протоколу-фейк

Социалдык тармактарда жана мессенжерлерде Covid-19га шектенип жаткандар үчүн амбулатордук дарылоо протоколу тарап жатат. ПолитКлиника ал протоколду текшерип көрдү.

Биринчиден, бул протоколдун булагы жок. Ким, качан чыгарган, Саламаттыкты сактоо министрлигиби, дарыгерлерби, белгисиз.

Экинчиден, аталган протоколдун алдында Россиянын саламаттыкты сактоо министрлигине шилтеме берилген. Демек, бул протоколдун Кыргызстанга тиешеси жок.

Үчүнчүдөн, протоколдо оорунун симптомдору пайда болгондон кийин 5-6 күндөрү ПЦР- тестин тапшырууну сунуштап, ошондой эле 1-4 күндөрдө иче турган дарыларды сунуштап жатат. Башкача, диагноз аныкталганга чейин дарылоону сунуштап жатат.

Россиянын саламаттыкы сактоо министрлигинин сайтынан мындай протоколду тапкан жокпуз жана шилтемени толук жазганда дагы маалымат чыкпайт экен.

Россиянын саламаттыкты сактоо министрлигинин сайтында COVID-19 дарылоо боюнча башка сунуштар бар. Бул сунуштар амбулатордук протокол деп тарап жаткан маалымат менен дал келбейт. Мисалы, протоколдо сунушталган Нобазит, Витамин С, Витамин D3, Мелатонин, Максилак, Магне B6 дарылары Россиянын Саламаттыкты сактоо министрлигинин сунуштарында жок.

Бул протокол Казакстанда дагы тарап, Factcheck.kz сайты дагы бул маалыматтын калп экенин аныктап чыккан.

Жыйынтык, бул протокол фейк жана Кыргызстанга тиешеси жок.

Ал эми Кыргызстандын Саламаттыкты сактоо министрлиги Covid-19ду жуктуруп алдым деп шектенип жаткан жарандар үчүн төмөндөгүдөй сунуштар берилерин билдирди:

ОРВИ жана коронавирус инфекциясынын симптомдору пайда болгондо кыймыл-аракет алгоритми:

Эгерде сизде төмөндөгү симптомдор пайда болсо:

  • дене табынын жогорулашы;
  • кургак жөтөл, тамак оору;
  • даам, жыт сезүү жоголсо;
  • ичтин өтүшү;
  • алсыроо, тердөө;
  • муундардын оорушу.

Бул учурда:

  • үйдө калыңыз;
  • үй-бүлө мүчөлөрүнөн обочолонуу (мүмкүн болсо башка бөлмөгө);
  • Гигиенаны сактаңыз (маска тагуу, колду бат-баттан жууп туруу);
  • 118 же үй-бүлөлүк дарыгерге байланышып (ЦСМ), симптомдорду айтыңыз.

Сунуштар:

  • Суюктук көп ичиңиз (суу, чай, компот);
  • Дене табыңыз 38,5 чейин жогоруласа парацетаолду (чоңдор жана өспүрүмдөр) бир күндө 2-4 жолуга чейин 500 мгдан, ибупрофенден ар бир 4-6 саат сайын 200-500 мгдан ичиңиз.
  • Башка өнөкөт ооруларды дарылоону улантыңыз (гипертензия, кант диабети ж.б)

Абалыңызды байкап туруңуз:

  • Дене-табын, жүрөктүн согушун, энтигүүнүн пайда болушун байкап туруңуз.

Ден соолугуңуз начарласа (дене табынын жогору бойдон калышы, жөтөлдүн күчөшү, дем алуунун кыйындашы). Бул тууралуу үй-бүлөлүк дарыгерге билдириңиз.

Өз алдынча антибиотиктерди ичпеңиз.

Эмнелер сунушталбайт:

  • Коомдук жайларга баруу, үй-бүлөлүк дарыгерлердин жолдомосу жок лабораторияга, медициналык мекемелерге баруу.

Коронавирус менен ооругандар менен байланышта болсоңуз, 14 күндүк карантинди сактаңыз.

Саламаттык сактоо министрлиги дарыгердин сунушусуз кандайдыр бир дарыларды ичпөөгө чакырат. Абалыңыз оорлошуп жатса, үй-бүлөлүк дарыгерге кайрылыңыз.

Жыйынтык: Бул протокол фейк.

ПолитКлиника

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты