Медицина кызматкерлери кайрылуу менен чыкты

  • 4 года мурун

Кыргызстандын медицина кызматкерлери COVID-19 га кабылган бейтаптарга жардам берүү үчүн ыктыярчы медиктер тобун түзүү үчүн медициналык жогорку жана орто билими барларды чакырды, коронавирус менен күрөшүү боюнча республикалык штабга, саясатчыларга жана коомчулукка кайрылды.

Кайрылуу “Фейсбук” аркылуу жарыя болду. .

Анда ошондой эле коронавируска каршы күрөшүү боюча республикалык штабга ыктыярчы-медиктер кыймылын түзүүгө жардам берүүгө жана бул вируска каршы күрөшүү тажрыйбасы бар эл аралык медициналык коомчулук менен Кыргызстанда инфекция очогунда иштегендерге жардам берүү боюнча сүйлөшүүгө чакырды.

Саламаттык сактоо министрлигин каражат булактарын максаттуу пайдаланууга, медицина кызматкерлерин ар тараптан колдоого чакырды.

Жогорку Кеңеш шайлоосуна катышам деген саясий партияларды каражатты үгүт иштерине эмес, COVID-19 менен күрөшүүгө арноого чакырды.

Коомчулукту дагы колдон келген жардам көрсөтүүгө, медициналык талаптарды сактоого чакырды.

Жалпысынан 18-марттан 1-июлга чейин өлкөдө коронавирус 5735 адамдан табылды, алардын ичинен 62 бейтап кайтыш болду, 2447 бейтап айыгып кетти.

Анализинен коронавирус табылбай, бирокпневмония болуп, оор абалга туш болгон бейтаптар күндөн-күнгө көбөйүп жатат.

Сүрөт: Интернет булактарынан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты